Акыркы жаңылыктар
«О!Деньги» төлөм тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча «О!Деньги» сервисин маанилүү төлөмдүк тутуму катары таанылгандыгы жөнүндө тиешелүү кабарламаны алгандыгын билдирди.
2021-жылдын экинчи жарымы боюнча «О!Деньги» төлөмдүк тутуму улуттук валютадагы чекене сатуулардын жалпы санынын 35%дан кем эмес төлөмдөрдү иштеп чыкты, бул тутумду маанилүү деп таанууга негиз болуп калды.
Маанилүү төлөмдүк тутум – накталай жана накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүнүн каражаты катары калктын улуттук валютага болгон ишенимин колдоого шарт түзө турган тутум болуп саналат.
Бүгүнкү күндө «О!Деньги» сервиси Кыргызстандын рыногунда төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча алдыңкы позицияны ээлеп турат жана калктын 80%ын потенциалдуу камтуу менен өлкөнүн бардык облустарында жана аймактарында бар.
Сервистин артыкчылыктары:
Кыргызстандагы кеңири терминалдык тармак – бүт өлкө боюнча 3000ден ашуун төлөм терминалдары;
Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча 7000 жайдан турган кеңири агенттик тармак;
Капчыктан акчаларды накталай алуунун 100дөн ашуун жай;
«О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу 2000ден ашуун сервистер;
Алты өлкөнүн капчыктары менен банктык карталарына каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгү.
«О!Деньги» капчыгы колдонуучулар тарабынан 2 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн «Мой О!» тиркемесине кошулгандыгын белгилей кетмекчибиз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчалардын эмитенти– «Дос-Кредобанк» ААК, КР УБ лиц.: №037.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар