Акыркы жаңылыктар
Урматтуу абоненттер!
2018-жылдын 12-мартынан баштап «О!Деньги» электрондук капчыгын телефондун балансынан толтуруу жеткиликсиз болуп калат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы өлкөнүн бардык операторлорунун абоненттеринин көп сандаган “Капчыктарды мобилдик эсептен толтуруу мүмкүнчүлүгү ҮЧҮН” деген кайрылууларына карабастан, «Электрондук капчыктар жөнүндө Жобого» өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, башкалар менен катар эле электрондук капчыкты байланыш кызматы үчүн авансты кайтаруу жолу менен толуктоого тыюу салынды. Бул электрондук капчыктын балансын мобилдик телефондун өздүк эсебинен толуктоого жана мобилдик телефондун өздүк эсебинен төлөмдөрдү жүргүзүүгө толук тыюу салынды дегенди билдирет.
Буга байланыштуу, тилекке каршы, О! Мобилдик оператору компаниянын бардык абоненттеринин өздүк эсебинен авансты кайтарууга байланыштуу мүмкүн болгон бардык операцияларды токтотууга мажбур болууда.
Мында, О! тармагынын абоненттери «О!Деньги» электрондук капчыгын колдонуу менен төлөмдөрдү мурункудай эле жүргүзө алышат. Бирок, бул төлөмдөр капчыкка байланган банктык картасы менен ишке ашат. «О!Деньги» электрондук капчыгын О! Мобилдик операторунун өлкө боюнча бардык терминалдар тармагынан, ТеремПей терминалдар тармагынан, ошондой эле VISA жана MasterCard банктык карталарынын жардамы менен толтурса болот. Кеңсе менен терминалдардын картасын «О!Деньги» тиркемесинин башкы экранындагы «толтуруу» менюсунан таба аласыз.
Толук маалыматты 999 телефону аркылуу билсеңиз болот. О! абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз
Бардык жаңылыктар