Акыркы жаңылыктар
18-мартта «Мой О! — менин ийгилигим» лотереясынын алкагында беш iPhone XR смартфонунун биринчи ойнотуусу болуп өттү. Жеңүүчүлөрдү атайын автоматташтырылган тутумдун – кокустук сандарынын генераторунун жардамы менен коомдук ишмерлердин, белгилүү блогерлердин жана Мамфинкөзөмөлдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда аныкташты. Ойнотуунун жүрүшүнө түз эфир аркылуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын колдонуучулары да байкоо салып турушту.
«Мой О! — менин ийгилигим» лотереясы 11-мартта старт алды. Биринчи жумада «О!Деньги» капчыгы аркылуу кызматтарга төлөм жүргүзүү, идентификациядан өтүү, катталуу жана картаны капчыкка кошуу аракеттери үчун 180 миңден ашуун билеттер берилген.
«Мой О!» тиркемесинин бардык колдонуучуларында баалуу байгелерди утуп алуу шансы бар, анткени алдыда дагы 7 апталык ойнотуу турат. iPhone XR смартфону жана баш байге – Кыргызстандын рыногу үчүн максималдуу комплектациядагы Hyundai Santa Fe 2018 автоунаасы ойнотулат.
Лотереянын катышуучусу болуу абдан оңой - «Мой О!» тиркемесин орнотуп алуу, «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү жана лотереялык билеттерди алуу жетиштүү.
Кийинки апталык беш iPhone XR смартфонун ойнотуу 25-мартта өтөт.
Расмий өнөктөш — Hyundai Центр Кыргызстан.
Лотереянын шарттары тууралуу толук маалымат udacha.o.kg сайтында.
Тиркеме тууралуу:
«Мой О!» — бул чыгымдарды контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын кароого, ошондой эле ыңгайлуу «О!Деньги» капчыгы аркылуу интернетке, коммуналдык кызматтарга, онлайн-оюндарга жана 300дөн ашуун сервистерге төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат. Тиркемени орнотуу: http://o.kg/l/myo
*Мамфинкөзөмөлдүн уруксаты: № 86 2019-жыл 22-февралы
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар