Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору жаңы окуу жылында Кыргызстандагы дистанциондук окутууга колдоо көрсөтүүсүн улантууда.
Апрель айынан тартып өлкөнүн бардык окуучулары үчүн «Мой О!» тиркемесинде нөлдүк баланста дагы бардык окуу материалдарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү ачылган.
Атайын «Мектеп» бөлүмүндө онлайн-окутуу үчүн керектүү бардык нерселер камтылган: сабактардын жүгүртмөсү, билим берүүчү ресурстар, видеосабактар жана электрондук китептер.
Ыңгайлуулук үчүн окутуу тилин тандоо каралган (кыргыз жана орус), ал эми контент класстар жана предметтерге ылайык бөлүштүрүлгөн.
Ресурс менен колдонуу үчүн Google Play же App Store палтфомаларынан «Мой О!» тиркемесин жуктөп алуу жана «Мектеп» бөлумүнө өтүү жетиштүү.
Кененирээк маалыматты видеонускамадан көрүңүз.
Белгилей кетсек, билим берүүчү санариптик контентке баарына бирдей кирүү мүмкүнчүлүгүн кароо алкагында О! Мобилдик оператору мугалимдер, окуучулар жана студенттер үчүн атайын жеңилдетилген тарифтерди көрсөтө баштаган, акысыз «O!TV окутуу» сервисин жана өнөктөштөрү менен бирге окуучулар үчүн «ЭлМектеп» - электрондук күндөлүгүн ишке киргизген.
О! Мобилдик оператору – БИРГЕ ОКУЙБУЗ!
O!TV кызматынын алкагындагы телеканлалдар, мазмуну жана контенти «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!
Бардык жаңылыктар