Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «Футбол клубу» кызматын ишке киргизгендиги жөнүндө маалымдайт. football.o.kg порталындагы актуалдуу контенттин натыйжасында негизги футболдук лигаларды жана турнирлерди онлайн шарттамында өз телефондон, планшеттен же компьютерден көрүүгө, ошондой эле матчтардын тарыхына, кызыктуу видео-тандап алынмаларга, окуялардын календарына жана жакында боло турган матчтар жөнүндө кабарлоолорго, катышуучу командаларга жана футбол жөнүндө жаңы жаңылыктарга кирүүгө болот.
«Футбол дүйнөдөгү эң масштабдуу оюн катарында өзүнүн айланасында көптөгөн күйөрмандарды чогултат. Кыргызстандык фанаттар үчүн биз футбол дүйнөсүндөгү жаңылыктардан тартып, оюндун мыкты учурлары бар видеого чейинки атайын футбол контенти менен бүтүндөй порталды ишке киргиздик. Футбол дүйнөсүндөгү акыркы окуялардан кабардар болуңуздар, football.o.kg-ге кириңиздер!!», - деп компаниянын коммерцилык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Суткасына 3 сом болгон кызматка жазылып, О!нун абоненттери интернет-трафикти тарифтештирүүсүз каалаган учурда маанилүү матчтардын жыйынтыктарын текшерип, популярдуу оюндардын негизги мүнөттөрүн көрүп жана кайра көрүп, ошондой эле жакында боло турган окуялар жөнүндө эскертмелери бар SMS-билдирүүлөрдү ала алышат. Сервисти байкап көрүү үчүн акысыз мезгил – 3 күн караштырылган. «Футбол клубу» кызматына кошулуу үчүн *4005# буйрутмасын терүү керек.
«Футбол клубу» кызматы жөнүндө кенен маалымат football.o.kg-де жана компаниянын www.o.kg сайтында.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар