Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору мурункудан да сапаттуу жабдууну камсыз кылып жана тармактын сыйымдуулугун көбөйтүү менен, жаңы база станцияларын ишке киргизди. 2017-жылдын январынын башында Бишкекте жана Солкулук районунун Романовка айылында жана Ысык-Ата районунун Шевченко, Туз, Дайырбек, Чоң-Далы айылдарында жаңы база станциялары пайдаланууга киргизилди.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Кызыл-Аскер, Төмөнкү Ала-Арча райондорунун, «Төкөлдөш» жана «Бакай-Ата» конуштарынын, Сокулук районунун Романовка жана Ысык-Ата районунун Шевченко, Туз, Дайырбек, Чоң-Далы айылдарынын тургундары бүгүнтөн тартып добуштук байланыштын жана мобилдик интернеттин сапатынын жакшырганын сезе алышат.
«Добуштук кызматтардын жана маалыматтарды берүүнүн сапаты абоненттер үчүн аныктоочу фактор болуп саналат, ошол себептен О! мобилдик оператору өзүнүн тармагынын өнүгүшүнө инвестицияларды көбөйтүүнү улантып жатат. Кирип келген 2017-жылы компания жаңы база станцияларын курууну жана колдонуудагы жабдыктарын жаңылоону пландаштырып койду», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Жаңы жылдык сунуштун чегинде кыргызстандыктар акция боюнча 4G Wi-Fi Wingle сатып алып, бир жыл бою Интернетти колдонууга мүмкүндүк ала алышарын эске салабыз. Фирмалык 4G-түзүлүштөрдү О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алууга болот.

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар