Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору борбор шаарда жана өлкөнүн аймактарында кошумча база станцияларын курууну улантып жатат. 15-февралдан тартып азыркы учурга чейин 80 ден ашык жаңы база станциясы пайдаланууга киргизилди.
О! мобилдик оператору борбор шаарда жана өлкөнүн аймактарында кошумча база станцияларын курууну улантып жатат. 15-февралдан тартып азыркы учурга чейин 80 ден ашык жаңы база станциясы пайдаланууга киргизилди.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кербен, Таш-Көмүрр, Кочкор-Ата, Токтогул, Балыкчы, Шопоков, Кара-Балта, Токмок, Өзгөн, Кара-Көл шаарларында 4G тармагынын радиожабдуусу көбөйтүлдү.
Тармак инфраструктурасынын жаңы объекттери Чүй областынын Маевка, Сокулук, Орловка, Гавриловка, Новопокровка, Киршелк, Красная Речка, Ивановка, Буденновка, Ак-Бешим, Ленинское, Восток, Новониколаевка, Полтавка, Беловодское, Садовое, Александровка, Петровка, Ак-Суу айылдарында байланыш сапатын жакшыртып жана 4G тармагы камтыган аймакты кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.
Жалал-Абад областынын Ала-Бука, Базар-Коргон, Массы, Паиз-Булак айылдарында, Нарын областынын Кочкор жана Жаңы-Жол айылдарында, Ош областынын Телейкен, Кашгар-Кыштак, Нариман, ВЛКСМ, Фрунзе айылдарында жана Ысык-Көл областынын Бөкөнбаев айылында кошумча 4G-база станциялары ишке киргизилди.
Кыргызстандын аймактарындагы компаниянын абоненттери атайын жаңы сунушту «Алга Интернет + O!TV» колдоно алышат, анын чегинде мобилдик интернет 2 Мбит/с чейинки ылдамдыкта интернет-трафикти чектөөсүз берилет жана каалаган табиттеги 130 ТВ-канал бар. «Алга Интернет + O!TV» тарифинин абоненттик төлөмү 30 күнгө болгону 750 сомду түзөт.
О! мобилдик операторунун кардарлары мобилдик телеберүүнү өз түзүлүшүнөн «О!го которул» тарифтеринин жаңы тизмегинин бирин же O!TV кызматын кошуп көрө алышат. ТВ-каналдарды көрүүдө интернет-трафик О! тармагында тарифтештирилбейт. О!TV мобилдик тиркемесин PlayMarket жана AppStore маркеттеринен жүктөөгө болот.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар