Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору Кара-Балта шаарында 4G тармагынын ишке киргизилиши жөнүндө маалымдайт. Азыркы учурда төртүнчү муундагы ылдам интернет кызматтары өлкөнүн 8 ири шаарында: Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кант, Токмок жана Кара-Балта шаарларында жеткиликтүү.
4G кызматынын бар болушу жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонууга мүмкүндүк берүү дегенди түшүндүрөт, ал өз кезегинде видеону жогорку тактыкта чыныгы убакыт шарттамында көрүүгө, мобилдик тармак аркылуу “оор” файлдарды бир топ ылдам көчүрүүгө жана интернет-барактарын минималдуу күтүү менен жүктөөгө мүмкүндүк берет.
«Азыркы телекоммуникация дүйнөсү жалпы мобилдештирүүнүн босогосунда тургандыгында шек жок. 4G технологиясы – буга ачык мисал. Анын алдына коюлган негизги милдет – маалыматтарды жогорку ылдамдыкта берүү жана мобилдик байланыш тармагында кызматтар спектрин кеңейтүү. Бүгүн О! мобилдик операторунан төртүнчү муундагы тармак өлкөнүн көпчүлүк жашоочуларына жеткиликтүү, ал эми калган аймактарда 4G тармагын жайылтуу үчүн буга убакыт гана керек.О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабастан мобилдик интернетти пайдалана алыша аларын белгилеп кетем, биз арзан чексиз интернет сунуштарынын кеңири топтомун сунуш кылуудабыз.Кошулуңуздар жана жаңы ылдамдык менен ырахаттаныңыздар!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
Эң арзан баадагы 4G түзүлүштөрдү О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kgинтернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 күнгө кошкондо болгону 1 сомдон сатылып жатат. Акциянын шарттары менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар