Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Кыргызстанда 4G тармагы камтыган аймактарды кеңейтүүнү улантып жатат. Бүгүн компания төртүнчү муундагы жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүү кызматын Кантта ишке киргизди. Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Кара-Суу шаарларынан кийин Кант 4G тармагы ишке киргизилген алтынчы ири калктуу конуш болуп калды.
«Бүгүн Канттын миңдеген жашоочулары жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке кирүүгө жол ачкан эң алдыңкы кызматтарды колдонууга мүмкүндүк алышты. Биздин төртүнчү муундагы кызматты ушул шаарда ишке киргизүү компаниянын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат, анын жардамы аркылуу биз бардык кыргызстандыктар үчүн эң заманбап сапаттуу, пайдалуу жана жөнөкөй кызматтарды сунуш кылдык. Кошулуңуздар жана чексиз 4G интернеттин бардык артыкчылыктары менен ырахаттаныңыздар!», - деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.
О!нун абоненттери трафик жөнүндө кам санабастан мобилдик интернетти пайдалана алышат, оператору арзан чексиз интернет сунуштарынын кеңири топтомун сунуш кылууда, алардын жардамы аркылуу абонентер интернет-трафиктин сарпталышын текшерип отурбастан, жогорку ылдамдыктагы интернеттин бардык артыкчылыктарын арзан баада колдоно алышат.
Эң арзан баадагы 4G түзүлүштөрдү О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринен же shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот. Ыңгайлуу жана бышык 4G Wi-Fi Wingle жана 4G Wi-Fi роутерлер «Чексиз 4G» кызматын 60 же 90 күнгө кошкондо болгону 1 сомдон сатылып жатат. Акциянын шарттары менен кененирээк компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар