Акыркы жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы ѳлкѳнүн эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата мыкты салык тѳлѳѳчүлѳрдү аныктап чыкты. Алардын катарында «НУР Телеком» ЖЧК да бар.
О! Мобилдик оператору 2021-жыл жана 2022-жылдын 7 айы боюнча ѳлкѳнүн экономикасын ѳнүктүрүүгѳ кошкон салымы, бюджеттин киреше бѳлүгүн түзүүгѳ активдүү катышуусу, салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаруусу үчүн кезектеги сыйлыкка ээ болду. Мыкты салык тѳлѳѳчүлѳрдү аныктоо – бул бюджеттин киреше бѳлүгүн толуктоого маанилүү салым кошкон жана республиканын салык мыйзамдарын жоопкерчиликтүү сактап келген ишкерлердин жогорку эмгегинин мамлекет тарабынан таанылуусу. 2021-жылы мамлекеттик казынага тѳлѳнгѳн салыктардын суммасы 3 миллиард сомдон ашса, 2022-жылдын 7 айында – эки миллиард сомго жеткен.
О! – ири иш берүүчүлѳрдүн бири, ѳлкѳнүн бюджетти пайда кылуучу компаниясы. Буларды дагы бир ардактуу сыйлык далилдей алды. 13 жылдык ишмердүүлүгүндѳ О! ишенимдүү ѳсүү темптерин кѳрсѳтүүдѳ. Ар бир О! абоненти жѳн гана телефон аркылуу сүйлѳшүү менен Кыргызстандын ѳнүгүүсүнѳ жеке салымын кошуп жатканы менен сыймыктанса болот.
«О! тармагынын лидерлиги – тармакты ѳркүндѳтүү үчүн кѳп жылдык ири инвестициялардын натыйжасы. Бул кардарлардын, бүтүндѳй жамааттын эмгеги. «Кыргызстандын мыкты салык тѳлѳѳчүсү» ардактуу наамы – биздин сыймыгыбыз, ошол эле учурда чоӊ жоопкерчилик. Мындан ары дагы кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылууну уланта бермекчибиз», – деп белгиледи операциялык ишмердүүлүк боюнча директор Алла Опариенко.
О! тармагын оператор катары тандоо менен кыргызстандыктар компаниянын ар бир сомдон түшкѳн каражаттын салык түрүндѳ ачык-айкын мамлекеттик бюджетке ѳткѳрүлүп жатканына ишенсе болот. Ѳз кезегинде бул социалдык-экономикалык чѳйрѳгѳ, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларына, чарбанын түрдүү багыттарына, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына, инфраструктурага жана башка мамлекеттик муктаждыктарга жакшы таасирин тийгизүүдѳ.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар