Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору менен Борбордук Азиядагы Америка университетине караштуу маалымат технологияларын өнүктүрүү борборунун ортосунда борбордун мыкты бүтүрүүчүлөрүн кесиптик квалификациясына ылайык компанияда иш менен камсыз боло тургандыгы тууралуу келишим түзүлдү.
Java, Cisco-CCNA курстарын жана ПК тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өткөн студенттерге өлкөнүн алдыңкы IT адистеринин командасына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет. Телекоммуникация чөйрөсү азыркы күндө, өтө тез өнүгүп жаткан чөйрөлөрдүн бири, ал эми О! мобилдик оператору – Кыргызстандын мобилдик байланыш тармагындагы технологиялык лидер болуп саналат.
«Биздин миллиондогон мекендештерибиз колдоно турган алдыңкы кызматтарды иштеп чыгууга катышкандардын катарында Сиз болуп калышыңыз мүмкүн. Күн сайын чечилиши керек болгон кызыктуу тапшырмалар болоруна сөз берем, тармакты өнүктүрүп, өзүн-өзү өстүрүү керек, - О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко түшүндүрмө берди. – Мындан тышкары, жогорку айлык маяналуу, туруктуу ишке орношууга мыкты мүмкүнчүлүк беребиз.”
О! мобилдик оператору промоутерлерди жана Контакт-борбордо абоненттерге кеңеш бере турган адистерди активдүү түрдө ишке алууну улантууда. Мындай жумуш ийкемдүү графикти шарттайт жана компаниянын ичинде окуп үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ири компанияда иштөө карьералык өсүүнүн жаркын келечеги болуп саналат.
Кыргызстандын ийгиликтүү компанияларынын биринин кызматкери бол. Резюмени бул дарекке жөнөтүү керек: hr@nurtelecom.kg.
О! менен бирге чечкиндүү кадам ташта!

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар