Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Казакстандагы Tele2 жана Kcell операторлорунун тармактарында роумингде мобилдик интернеттин баасын төмөндөткөндүгү жөнүндө маалымдайт.
Мисалга, Tele2 тармагында О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн роумингде 1 Мб мобилдик интернеттин баасы - 4 сом. Ал эми Kcell тармагында – 5 сом. Ошентип, роумингдеги мобилдик интернеттин баасы сегиз эсе арзандады.
«Казакстан – биздин абоненттерибиздин арасында эң көп суралчу багыттардын бири. Биз бүгүн О!дон интернет-роуминг кызматынын баасы дагы да арзандагандыгын маалымдап жатканыбызга кубанып турабыз. Биздин Казакстанга кетип жаткан абоненттерибиз дайыма байланышта болуп, интернетти пайдалуу шарттарда колдоно алышат», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов билдирди.
«Роуминг» кызматы мобилдик байланышты SIM-картаны алмаштырбастан, Кыргызстандын чегинен тышкары колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн өлкөнүн аймагынан чыгаардан мурда *996# буйрутмасын терүү жетиштүү, ал эми интернет-роуминг кошуу үчүн *997# буйрутмасын терүү керек.
Тарифтер жана кызматтар жөнүндө кенен маалыматты компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар