Акыркы жаңылыктар
Октябрда О! мобилдик операторунун техникалык адистери Талас жана Чүй областтарында жаңы жабдыктарды эксплуатациялоого ишке киргизип, учурда иштеп жаткан база станцияларын жаңылатышты. Мисалы, жаңы 4G-жабдыкдар Талас, Бишкек жана Токмок шаарларында пайдаланууга киргизилди. Ошондой эле жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Талас областынын Куру-Маймак жана Маймак айылдарынын аймагында добуштук кызматтардын сапаты бир топ жакшыртылды.
«Смартфондордун жашообузга киришинин көбөйүшү менен абоненттердин керектөө профили да өзгөрүп жатат. Ошол себептен биздин милдет – сапаттуу байланышты тармакка дайыма болуп жаткан жүктөмдү эске алуу менен камсыз кылууда жатат. Биз абоненттерибиз дайыма байланышта болушу үчүн өлкөнүн бүткүл аймагында кызматтардын сапатын жакшыртууну уланта беребиз !», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Жаңы жылдык сунуштун чегинде, кыргызстандыктар акция боюнча 4G Wi-Fi Wingle сатып алып, бир жыл бою интернетти пайдалануу мүмкүндүгүн белекке алышарын эске салабыз. Фирмалык 4G-түзүлүштөрдү О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алууга болот.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар