Акыркы жаңылыктар
Июнда О! мобилдик операторунун техникалык адистери Бишкек жана Кант шаарларында жаңы 4G база станциясын орнотту. Ал эми Ысык-Көл областынын Бактуу-Дөлөнөтү айылында 3G база станциялары пайдаланууга киргизилди. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында добуштук кызматтардын сапаты Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын аймагында, Нарын областынын Жалгыз-Терек айылында, Ысык-Көл областынын Булан-Сегетту айылында жана Чүй олбластынын Чым-Коргон айылында бир топ жакшыртылды.
«Тармак камтыган аймакты кеңейтүү боюнча план ченемдүү иштерди улантуу менен, биздин техникалык адисттер Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад областтарында бир нече жаңы база станцияларын орнотушту. Тармакты дайыма кеңейтип туруу, өзгөчө 4G көтөрө алган база станцияларын орнотуу – биздин компания үчүн баарынан алдыда турган милдет. Биз биздин абоненттерибиздин ишенимин жогоруу баалайбыз жана биздин ар бир абонентибиз өлкөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн, мыкты байланышты колдонушуна умтулабыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
4G-түзүлүштү Бишкек шаары боюнча жеткирүү менен сатып алуу www.shop.o.kg интернет-дүкөнүндө же О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен сатып алууга болот.
Тармакты өнүктүрүүнү карап туруу компаниянын расмий сайтында www.o.kg жеткиликтүү.

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! роуминг жана Apple Pay менен саякаттоо дагы ыңгайлуу болуп калды
Бардык жаңылыктар