Акыркы жаңылыктар
Майрамдардын алдында О! компаниясынын инженерлери “добуштун” көбөйтүлгөн көлөмүн жана интернет-трафикти жолтоосуз өткөрүү үчүн инфраструктуранын элементтерин кеңейтүү боюнча кошумча жумуштарды аткарышты. Баш калаа менен ири шаарларда гана эмес, узак жайгашкан айылдарда да жашаган миллиондогон кыргызстандыктар үчүн 4G LTE стандартынын базасында байланыш кызматтарын көрсөтүү жакшыртылды:
«Кээде күнү-түнү жана дем алышсыз жүргөн О! компаниясынын техникалык командасынын инженерлеринин жумушу быйыл жүздөгөн жаңы базалык станцияларды курууга жана О! тармагынын сыйымдуулугун 30 пайызга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул бүгүнкү күндө О! тармагынын жетиштүү сыйымдуулук менен ишенимдүүлүккө ээ экендигин жана жаңы жылдык майрамдарда гана эмес, жыл бою трафиктин көбөйүүсүнө даяр экендигин ишенимдүү белгилөөгө шарт түзөт», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! Мобилдик оператору – Кыргызстандагы 4G/3G/2G тармактарын камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! тармагы өлкөнүн 99%дан ашуун калктуу аймагын камтыйт.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарында жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары, О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматтары да жеткиликтүү: WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат.

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар