Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору январда роуминг-өнөктөштөрдүн тизмесине тогуз жаңы оператор кошулгандыгы жөнүндө маалымдайт. Эми эл аралык добуштук роуминг кызматы О!нун корпоративдик абоненттери үчүн Sunrise (Швейцария), Altyn Asyr (Түркменистан) тармактарында жеткиликтүү болуп калды, ал эми 4G-роуминг Turkcell (Түкция), Etisalat (Сауд Аравия) жана Rogers (Канада) тарматакрындагы корпоративдик абоненттер үчүн жктиликтүү.
Мындан тышкары, О! мобилдик операторунун жеке абоненттери чет өлкөдө жүргөндө байланышта болууга көп мүмкүнчүлүк алышты: добуштук роуминг кызматтары эми Astelit (Украина), Telefonica (Германия) жана Telenet Group (Бельгия) операторлорунун тармагында жеткиликтүү.
«Биз роумингди өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатабыз. Эми компаниянын абоненттери чет 9 өлкөлүк оператордун тармагында мобилдик байланыш кызматтарын колдоно алышат. Биз О!нун абоненттери үчүн жеткиликтүү тармактардын санын көбөйтүп жатабы !», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов билдирди.
О!нун абоненттери роумингди 160 ашык өлкөдө колдоно алышат, ал эми бир катар популярдуу багыттар боюнча тарифтер бир топ азайтылып жатат, Россиянын жана Казакстандын Tele2 тармактарында 1 Мб баасы болгону 1 сомду түзөт. Кызматты кошуу үчүн өлкөнүн чегинен чыгып кетерден мурда *996# буйрутмасын, ал эми интернет-роумингди кошуу үчүн *997# терүү жетиштүү.
Компаниянын роуминг кызматтары жөнүндө кененирээк компаниянын веб-сайтында www.o.kg

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар