Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматтарын көрсөтүүчү чет өлкөлүк өнөктөшөрдүн тармагын кеңейтүүнү улантып жатат. Эми О!нун препейд абоненттеринде Теле2 (Россия) жана Mobitel (Грузия) тармактарында роумингди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле оператордун корпоративдик кардарларына Telefonica (Германия), Теле2 (Россия) жана ATM Mobilis (Алжир) тармактарында роуминг кызматтары жеткиликтүү болуп калды. Мындан тышкары, эми интернет-роумингди Vodafone (Италия), Telefonica (Германия) жана Теле2 (Россия) операорлорунун тармагында да колдонууга болот, ал эми 4G-роуминг Star Telecom (Тайвань) тармагында жеткиликтүү.
«Биз роумингдин географиясын дагы да кеңейттик жана Италия, Россия, Грузия, Алжир жана Германиянын бир катар операторлору менен келишимдерди түздүк. Буд биздин абоненттерибизге бүткүл дүйнө боюнча саякаттап, телефон номерин алмаштырбастан дайыма байланышта болууга мүмкүндүк берет. Биздин абоненттер 4G-роумингди АКШда, Россияда, Кытайда, Бельгияда, Казакстанда, Люксембургда жана Кореяда, бүгүндөн тартып Тайванда колдоно алышарын эске салабыз. Биздин команданын аракети менен биз О!нун кардарларына ишенимдүү, пайдалуу жана ыңгайлуу роуминг сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
«Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын терүү керек. Ал эми интернетке кирүү менен «Роуминг» кызматын кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенче *997# буйрутмасын терүү зарыл.
Роуминг кызматына болгон тарифтер менен таанышуу компаниянын расмий сайтында www.o.kg жетиликтүү.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар