Кыргызча
10 апреля 2019

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору кичи шаарларда жана айылдарда 4G LTE тармагын жакшыртууну улантууда

Төртүнчү муундун ишенимдүү сигналын жакында алыс жайгашкан айылдардагы 90 миңден ашуун кыргызстандыктар сезе алышмакчы.

О! Мобилдик оператору 4G LTE тармагы камтыган аймакты кеңейтүүнү улантууда. Төртүнчү муундун ишенимдүү сигналын жакында алыс жайгашкан айылдардагы 90 миңден ашуун кыргызстандыктар сезе алышмакчы.

«LTE тармагынын келиши менен айыл тургундары интернет-сервистердин жардамы менен мамлекеттик кызматтарды алуу, онлайн-сатып алууларды жана банктык операцияларды жүргүзүү, бизнести жүргүзүү же билим алуу боюнча ыкчам маалыматтарга ээ болуу сыяктуу бир катар күнүмдүк иштерин чечип алышат, – деп айтып берди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко. – Аймактардагы тармактын камтуусун көбөйтүү – биздин абоненттер үчүн О! байланышын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берүүчү пландык ченемдүү, бирок абдан маанилүү иш болуп саналат. Биз бул маселени бир эле убакта бир нече жолдор менен чечип жатабыз. Иштеп жаткан базалык станцияларды модернизациялап жана байланыштын жаңы стандарты менен кошумчалап жатабыз, кээ бир жерлерде жаңы аянтчалардын эсебинен камтуу аймагын кеңейтип жатабыз». Анын айтымында компаниянын келечектеги пландарында аймактардагы 4 G LTE тармагын өнүктүрүү максаттардын алдыңкы саптарында турат.

О! Мобилдик операторунун техникалык командасы тарабынан жакында эле жүргүзүлгөн жумуштар бир нече жүз киши жашаган айылдарды да ичине алуу менен калкынын жыштыгы аз болгон пункттарды камтыды:

  • Чүй облусу: Бордунский, Бейшеке, Чолок, Төлөк, Первомайское, Озерное, Шамшы;

  • Ысык-Көл облусу: Липенка, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу, Тосор, Көл-Төр, Ысык-Көл, Кутургу, Ой-Булак, Пристань-Пржевальск;

  • Нарын облусу: Терек, Чолок-Кайың, Кара-Ой, Жаңы-Күч, Кара-Булуң, Куйручук, Түгөл-Сай, Орток, Шамшы, Казан-Куйган, Жылан-Арык;

  • Жалал-Абад облусу: Беш-Бадам, Оогон-Талаа, Бувакол, Чарбак, Каба, Көк-Алма, Түрдүк, Чек, Сасык-Булак, Арал, Бирдик;

  • Ош облусу: Сопу-Коргон, Гагарин атындагы, Мады, Кожо-Арык;

  • Баткен облусу: Бешкент айыл аймагы, Андарак, Искра, Тогуз-Булак, 50 Лет Киргизии.

О! тармагынын 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! тармагынын өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-тармагы– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.