Кыргызча
15 мая 2019

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE-тармагынын сыйымдуулугун өстүрүүнү улантууда

Кыргызстандын дагы 51 калктуу пунктунун тургундары бүгүн О! Мобилдик операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кыргызстандын дагы 51 калктуу пунктунун тургундары бүгүн О! Мобилдик операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан Кыргызстандын калкынын 94%ы О! Мобилдик операторунун төртүнчү муундагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик технологиясын колдонот.

Жакында компаниянын техникалык адистери жумуштарынын кезектеги этабын аякташты, натыйжада 4G LTE тармагынын иштөө аймагы кеңейди, ошондой эле О! тармагынын сыйымдуулугу да жакшырды. Курорттук сезондун жакындап калгандыгын эске алуу менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы тармакты кенейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

  • Чүй облусу: Токмок, Кант, Новопокровка, Люксембург, Суусамыр, Тунук, Кожомкул, Достук, Жал, Жаңы-Жер, Гидрострой, Кой-Таш, Жаңы-Жер, Орок, Панфилов, Сокулук, Беловодское;

  • Ысык-Көл облусу: Балыкчы, Каракол, Бостери, Сары-Камыш, Кайырма-Арык, Ак-Сай, Кичи-Өрүктү, Тосор;

  • Нарын облусу: Түгөл-Сай, Жер-Көчкү;

  • Талас облусу: Үч-Эмчек;

  • Ош облусу: Монок, Курбу-Таш, Киров, Боз-Ала, Арал, Ак-Терек, Шагым, Киров, Ош, Мырзаке;

  • Жалал-Абад облусу:  Ала-Бука, Базар-Коргон, Майлы-Суу, Токтогул, Жалал-Абад, Кыргыз-Гава, Гумхана;

  • Баткен облусу: Пум, Майдан, Чакмак, Голбо, Айдаркен, Үч-Коргон.

«4G LTE тармагынын ишке кирүүсү жана кеңейүүсү кыргызстандыктар үчүн онлайн иштөө, баарлашуу жана билим алуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Баасы боюнча пайдалуу жана мазмуну жагынан ар түрдүү болгон тарифтер абоненттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү менен түрүнө жараша керектүү тарифти тандап алуусуна шарт түзөт», – деп белгиледи оператордун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Компания Кыргызстанда 4G LTE тармагы менен камтууну кеңейтүүнү активдүү түрдө улантууда. Акыркы 2 жылда О! тармагында маалыматтарды өткөрүү трафигинин көлөмү 3,6 эсеге өстү. Колдонуучулар күн өткөн сайын интернеттен керектүү маалыматтарды көбүрөөк жүктөй башташты. О! Мобилдик оператору бул маалыматтарга таянып өз тармагын куруп келет. Жылдын башынан тартып эле мобилдик кең тилкелүү 4G LTE интернет өлкөнүн 1000ден ашуун алыс жайгашкан калктуу аймактарында жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды. 

Бүгүнкү күндө О! – 4G LTE-тармагынын камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн гана лидери эмес, коңшу мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн башка операторлору менен салыштырганда дагы лидер болуп саналат.