Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору өлкөдөгү IT-коомчулукту өнүктүрүүнүн алкагында Neobis программисттердин клубу жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн ачык эшик күндөрүн уюштурду.
Меймандарга жаңы кеңсеге экскурсия уюштурулду, абоненттерди тейлөө иштери кандай коюлгандыгы менен компаниядагы IT-багыттын агымы менен тааныштырышты жана Intern Labs программасында стажировкадан өтүүгө чакырышты.
Сапардын алкагында иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты, мобилдик операторунун ишмердүүлүгүн ичинен көрө алышты, компаниянын адистери менен таанышышты, контакт-борбордун операторлорунун ишине байкоо жүргүзүштү жана кээ бир бөлүмдөрдүн ишин автоматташтыруу боюнча өз ой пикирин билдиришти.
Иш-чаранын аягында меймандар жаңы кеңседеги фотосессия катышышты жана эстелик белектерге ээ болуу үчүн интерактивдүү ойнотууларга катышышты. Өз кезегинде экскурсиянын катышуучулары уюштуруучуларга иш-чаранын абдан пайдалуу жана маалыматка толук болгондугу үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
О! Мобилдик оператору программалык камсыздоону өндүрөт, кредит берүү кызматтарын, ыңгайлуу онлайн-сервистерди көрсөтөт жана санариптик кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет, жаш IT-адистерине өсүп өнүгүүсүнө жардам берет. Контакт-борбордун базасындагы жаңы коворкинг борбору – IT-долбоорлордун пайда боло турган, ал эми жаштар үчүн билим ала турган жана санариптик коомго өз салымын кошо турган жай болуп саналат. Жакындан баштап, жаңы коворкингде билим берүүчү IT-иш-чаралары, хакатондор, вебинарлар, мастер-класстар өткөрүлө баштайт. Жаңы баштаган программисттер Java багыты боюнча, кийинчерээк башка программалоо тилдери боюнча Intern Labs стажировка программасына катыша алышат. Intern Labs стажировка программасынан өтүп жатканда же өткөндөн кийин стажерго оператор тарабынан жумуш орду сунушталып калышы мүмкүн.
IT тармагындагы иш-чараларды өткөрүү үчүн өтүнмөнү pr@nurtelecom.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар