Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору жалпы кыргызстандыктарды күн менен түн тогошкон Нооруз майрамы менен куттуктайт! Бир гана табиятта эмес, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жана жан дүйнөбүздө жаңылануу болсун, жашообузда тынчтык, бейпилдик, молчулук жана ынтымак байыр алсын!
Майрам күндөрү O!Store дүкөндөрү штаттык режимде иштейт. Жакындарыңарга белек алып, аларга кубаныч тартуулаш үчүн биздин дүкөндөргө келгиле. Текчелерден каалаган буюмдарды – смартфондор үчүн стилдүү аксессуарлардан баштап, үй үчүн акылдуу түзүлүштөргө чейин таба аласыңар. Толук маалымат ostore.kg сайтында.
Ал эми үй-бүлөңөрдү сапаттуу чексиз байланыш жана жогорку ылдамдыктагы үйдөгү интернет менен камсыз кылууну кааласаңар, анда жаңы «Үй-бүлө Премиум» тарифине кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калгыла. Бардык номерлердеги чексиздик жана жогорку ылдамдыктагы үйдөгү интернет үй-бүлө мүчөлөрүн кубанта турганы шексиз. «Мой О!» тиркемесинен оңой эле кошуп алсаңар болот. Толук маалымат бул жерде: o.kg.
О! мобилдик оператору ар бириңерге бакубат жашоо, ден соолук, бейпилдик жана өсүп-өнүгүү каалайт!
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

О! роуминг жана Apple Pay менен саякаттоо дагы ыңгайлуу болуп калды

O!Store'до белектер: Xiaomi жана POCO смартфондоруна кулакчындар

О! Мобилдик оператору балансты кешбэк менен автотолуктоону ишке киргизди
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү
Бардык жаңылыктар