Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору жана Нарын шаарынын мэриясы майрамдык акциянын жыйынтыгын чыгарды. Белектерди даректүү жеткирүү бир нече жумага созулду: бир нече күн мурун акыркы үй-бүлө белектерин алды. Марафондун жыйынтыгында 200дөн ашык балага кубаныч тартууланды, анын ичинде эң алыскы аймактарда жашаган балдар да бар.
Жаңы жылдык майрамдардын алдында Нарын шаарынын мэриясынын балдарды колдоого багытталган жыл сайын көтөрүлүүчү демилгеси О! мобилдик оператору тарабынан активдүү колдоого алынды. Компания аймактын жаш тургундарына 200дөн ашуун белек берүүнү уюштурду.
Жөн гана белектен да маанилүү
Белектердин бир бөлүгү шаардык драмтеатрда өткөн майрамдык иш-чарада кичинекей көрүүчүлөрдүн колуна жеке тапшырылды. Ардактуу коноктордун арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана Нарын балдар интернатынын тарбиялануучулары болду. Алар менен бирге залда жаш таланттар – олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана мыкты окуучулар отурушту, алардын ийгиликтери быйыл шаардын сыймыгы болду.
Бирок муну менен миссия аяктаган жок: компаниянын өкүлдөрү оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөргө да барып, ар бир үйгө майрамдык маанай тартуулашты.
Нарын шаарынын мэриясы белгилеп кеткендей, мындай бизнес-демилгелер өсүп келе жаткан муундун социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт жана жаштарга жаңы жетишкендиктерге жетүүгө дем берет.
O! компаниясы үчүн шаар турмушуна катышуу – социалдык жоопкерчилик принциптеринин сакталышынын далили болуп, бизнес аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө түздөн-түз катыша аларын көрсөттү.
«НУР Телеком» ЖЧК, КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: 06.12.2016-жылдагы №16-0062-КР, №16-0063-КР.

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады

Шакиранын концертине билеттер: O!Bank аркылуу бөлүп төлөңүз же «Мой O!» менен 5% кешбэк алыңыз!

О! операторунан 7 000 сомдон ашык үнөмдөө: Роутер жана ТВ-приставка бекер берилет!
Бардык жаңылыктар