Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Ысык-Көл областынын ондогон калктуу конушунда 30 жаңы байланыш объектисин ишке киргизгендиги жөнүндө маалымдоо менен, жайкы сезонго байланыш инфтраструктурасынын даяр экендигин билдирди. Модернизациялоонун жайынтыгында тармактын сыйымдуулугу бир нече эсе көбөйтүлдү. Техникалык жумуштар түндүк да, түштүк да жээгинде жүргүзүлдү.
Ысык-Көл областы боюнча О! тармагында 4G жана 3G өсүшү
Эми жайкы жагымдуу сезимдер менен соцтармактарда эркин бөлүшүүгө Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, Чырпыкты, Чоң-Cары-Ой, Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү, Темировка, Григорьевка, Ананьево, Өруктү айылдарында, Ак-Булак, Түп, Михайловка, Жол-Колот, Ак-Суу, Нововознесеновка, Кызыл-Суу, Даркан, Саруу, Кичи-Жаргылчак, Барскоон, Кажы-Сай, Бөкөнбаев шта. О! мобилдик операторунун 4G жана 3G тармагынын активдүү өсүшүнүн негизинде мүмкүн болуп калды.
«Эреже болуп калгандай, Ысык-Көлдө жайкы сезондо биздин тармак кардарларды кадимки убакытка караганда абоненттерди эки эсеге көп тейлейт. Тармакты тууралоодо бул өзгөртүүлөрдү эске алуу өтө маанилүү, ошондой эле ал үчүн ылдам интернет зарыл болгон O!TV мобилдик телеберүү кызматын активдүү өнүктүрүп жатабыз. Өтө кичине калктуу конуштарда кеңири жабдуу жана биздин кызматтардын жогорку сунушталганына карабастан, биз тармакты жаңылоону токтотпойбуз жана кардарларыбыздын каалоосун эске алабыз. О!нун абоненттери эс алууда жүргөндө биздин байланыштын жеткиликтүүлүгү, Интернеттин жогорку ылдамдыгы, жеткиликтүү тарифтер менен көптөгөн оң эмоцияларды алышат деп үмүттөнөм», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Жабдуу картасы менен мобилдик оператордун сайтынан o.kg таанышууга болот.
О! мобилдик оператору– сенин смартфонуң үчүн мыкты байланыш.

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк
Бардык жаңылыктар