Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Политтехникалык университеттин Электроника жана коммуникациялар институтунун кыздары үчүн Ачык эшик күнүн уюштурду. Экскурсиянын жүрүшүндө студент кыздар негизги бөлүмдөрдүн иштегенин көрүп, компаниянын жетекчилери жана алдыңкы менеджерлер менен таанышып, аларга өз суроолорун беришти.
Мындан тышкары, ийгиликке жетишкен аял жетекчилер иш-чаранын катышуучулары менен өзүлөрүнүн ийгилик сырлары жана келечекте алдыңкы телекоммуникациялык компанияда карьера жасоо тууралуу бөлүшүштү. Студент кыздар иш-чарага, мобилдик байланышка, IT-чөйрөгө, жалпысынан телекоммуникацияларга болгон чоң кызыгууларын көрсөтүштү.
«Бүгүнкү экскурсияга чоң ырахмат! Мага өзгөчө компаниянын кызматкеринин лекциясы жакты. Менимче, менен бардык курсташтарым андан дем-шык алышты окшойт. Окууну аяктагандан кийин, мен сөзсүз О!дон жумуш тапканга аракет кылам!», - деп айтты үчүнчү курстун студент кызы.
Компаниядагы бош орундар менен расмий сайттан www.o.kg таанышууга болорун эске салабыз.

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар