Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору дүйнө жүзүндөгү өз абонент-роумерлери үчүн жаңы тармактарды ачуу иштерин улантууда. Натыйжада, абоненттер өз номерлерин алмаштырбастан, жакындары менен ар дайым байланышта боло алышат.
Эми корпоративдик абоненттер Германияда жана Хорватияда T-Mobile тармагында, ошондой эле Румынияда RCS&RDS тармагында интернет-роуминг жана добуштук кызматы менен пайдалана алышат.
Күн сууктаганда кыргызстандыктар чет өлкөлүк саякаттары үчүн жылуу климаты бар өлкөлөрдү тандай башташат. О! мобилдик оператору саякатчыларга кам көрүү менен өзүнүн жеке абоненттерине Египетте жана Катарда Vodafone тармактарында, Иордания Королдугунда Orange тармагында роуминг кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ачты. Мындан тышкары, эми Молдовада Moldtelecom тармагында жана Польшада P4 тармагында жеке абоненттер үчүн роуминг иштейт.
Роумингдин тарифтери менен www.o.kg расмий сайтынын Роуминг бөлүмүнөн таанышса болот. О! мобилдик оператору эл аралык роуминг үчүн базалык пайдалуу тарифтеринен тышкары чет мамлекетте мобилдик интернеттин чыгымдарын азайта турган ыңгайлуу опцияларды да сунуштайт.
О! мобилдик оператору – дүйнө жүзүндөгү бардык абоненттерге камкордук.

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар