Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Velcom (Беларусь) тармагында интернет-роуминг, ошондой эле MTS (Россия), Babilon Mobile (Таджикистан) жана Softbank (Япония) тармактарында 4G-роуминг ачты. Эми ушул өлкөлөрдүн аймактарындагы О!нун абоненттери сапаттуу мобилдик интернетти арзан баада колдоно алышат.
«Биз саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу арзан жана ыңгайлуу кылууга умтулабыз. Чет өлкөдө маалыматтарды берүү кызматына арзан тарифтер О!нун абоненттерине колдонуп жүргөн көнгөн профилин сактап калууга: социалдык тармактарда жана дароо жетүүчү билдирүүлөр кызматынын жардамы менен баарлашууга, электрондук почтаны текшерүүгө, сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирди О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
Эл аралык роуминг кызматтарына абоненттик төлөмсүз жана жашыруун төлөмдөрсүз үнөмдүү тарифтер О!нун абоненттерине жеткиликтүү. «Роуминг» кызматы мобилдик байланышты Кыргызстандан тышкары жүргөндө да SIM-картаны алмаштырбастан колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн биздин өлкөдөн чыгаардын алдында *996# буйрутмасын терүү жетиштүү, ал эми интернет-роуминг кошуу үчүн - *997# терүү керек.
О!нун роумингде мобилдик байланыш жана интернет кызматтарын көрсөтүү шарттары менен компаниянын сайтынан www.o.kg таанышууга болот.

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар