Акыркы жаңылыктар
Урматтуу абоненттер!
Сиздерге 02.09.2021-жылдан тарта «Переходи на О! 120 + O!TV», «Переходи на О! 135 + O! TV», «Переходи на O! 145 +O! TV», «Переходи на О! 160 + O!TV», «Переходи на О! 395 + O! TV», «Переходи на О! 490 + O! TV» жана «Переходи на О! 600 + О! TV» тарифтеринин алкагында интернетти колдонуу шарттарына ѳзгѳртүүлѳр кире тургандыгы жѳнүндѳ маалымдайбыз.
Эгерде тарифтин шарттарында иштеген негизги интернет-топтом тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳм алынганга чейин түгѳнүп калса, анда жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тарифтердин Абоненттерине 1 ГБ ѳлчѳмүндѳ кошумча интернет-топтом жеткиликтүү болот.
Кошумча интернет-топтомду (1 ГБ) пайдалануунун шарттары:
1. Топтомдун баасы – бардык салыктарды эсепке алуу менен 20 сом;
2. Топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳм алынган учурга чейин;
3. Топтом Абоненттин ѳздүк эсебинде акча каражаты жетиштүү болгон учурда тарифтин шарттарында жеткиликтүү болгон негизги интернет-топтомду колдонуп бүткѳн соӊ дароо берилет;
4. Кошумча интернет-топтом (1 ГБ) тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳм алынганга чейин түгѳнүп калса, анда жогоруда белгиленген шарттарга ылайык, кошумча интернет-топтом кайра берилет.
5. Эгерде мурда топтомду кошуу үчүн акча каражаты жетпей калган болсо, анда кошумча интернет-топтомду кошуу үчүн балансты толуктап коюу жетиштүү.
Ѳзгѳртүүлѳр тѳлѳнгѳн мезгилдин аягына чейин тарифтик план боюнча негизги интернет-топтом жетпей калган абоненттердин жайлуулугу үчүн үзгүлтүксүз интернет колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында киргизилип жатат. *707 номери боюнча байланыш-борборуна кайрылуу менен бул опцияны колдонуудан баш тартуу мүмкүн.
Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн тарифтердин калган бардык шарттары ѳзгѳрүүсүз калат.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар