Акыркы жаңылыктар
Урматтуу абоненттер!
Сиздерге 2021-жылдын 24-декабрынан тартып, «Переходи на О! 30 күн + O! Safe Kids», «Переходи на О! 115 + O! Safe Kids», «Переходи на О! Регион + O! Safe Kids», «Переходи на О! 30 күн Регион + O! Safe Kids» жана «Переходи на О! 120 + О! TV + O! Safe Kids» тарифтеринин алкагында интернетти колдонуу шарттары өзгөртүлө тургандыгын билдиребиз.
Эгер тарифтин шарттарынын алкагында көрсөтүлүп жаткан негизги интернет-топтом тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөм алуу мезгилине чейин колдонулса, анда жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин Абоненттерине 1 ГБ көлөмүндө кошумча интернет-топтом жеткиликтүү болот.
Кошумча (1 ГБ) интернет-топтомду колдонуу шарттары:
1. Топтомдун наркы – бардык салыктарды эсепке алуу менен 20 сом;
2. Топтомдун мөөнөтү – учурдагы тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу мезгилине чейин;
3. Топтом Абоненттин өздүк эсебинде жеткиликтүү акча каражаттардын болуу шарты менен тарифтин шарттарынын алкагында көрсөтүлгөн негизги интернет-топтом колдонулгандан кийин дароо берилет;
4. Кезектеги абоненттик төлөмдү алуу мезгилине чейин кошумча (1 ГБ) интернет-топтом аяктап калса, кошумча интернет-топтом жогоруда белгиленген шарттарга ылайык кайрадан берилбейт.
5. Эгерде топтомду кошуу үчүн мурун акча каражаттары жетпей калган учурда, кошумча интернет-топтомду кошуу үчүн балансты толуктоо жетиштүү болот.
Бул өзгөртүүлөр интернетке үзгүлтүксүз кирүүнү камсыздоо максатында, төлөнгөн мөөнөттүн аягына чейин тарифтик план боюнча интернет-топтому жетпей калып жаткан абоненттерибиздин ыңгайлуулугу үчүн киргизилди. 707 контакт-борборуна кайрылуу менен бул опциядан баш тартуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.
Жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин калган бардык шарттары мурункудай эле калат.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар