Кыргызча
14 декабря 2021

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору маалымдайт

Өнөктөш компаниялардын түйүндөрүндө оптикалык кабелинин үзүлгөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын 13-декабрында Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Баткен облустарында байланыш менен мобилдик интернетке байланыштуу убактылуу үзгүлтүктөр байкалышы мүмкүн болгон

Урматтуу абоненттер! 
2021-жылдын 13-декабрында түзүлгөн авариялык кырдаалга (өнөктөштөрдүн  тармактарында оптикалык кабелинин үзүлүшү) байланыштуу, Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Баткен облустарында байланыш менен мобилдик интернетте убактылуу үзгүлтүктөр байкалган. 

Сервисти максималдуу кыска мөөнөттө ыкчам калыбына келтирүү боюнча бардык аракеттер жасалды. 
Оператордун атынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Жогоруда көрсөтүлгөн облустардагы абоненттерибизге 2 ГБ акысыз интернет-трафик берилет.

Топтомду кантип кошуп алуу керек? 
*3050# буйрутмасын териңиз да, акысыз 2 ГБ интернетти колдонуңуз. Буйрутманы тергенден кийин сизге топтом кошулгандыгы тууралуу билдирүү келет. Топтомдун мөөнөтү билдирүү алгандан кийин – 7 күн.
Топтомду кошуу 2021-жылдын 31-декабрына чейин жеткиликтүү.

Кечирим сурайбыз жана биз менен болгондугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!