Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору жана «Азаттык» радиосу жакында эле “Ар бир кесип ардактуу” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылдын аягында конкурс башталып, ал жаңы муунга ар бир кесиптин маанилүүлүгүн көрсөтүүнү жана адистикти тандап алууга жардам берүүнү алдына милдет кылып койгондугун эске салабыз.
Шарттарга жараша катышуучулар конкурстун тематикасы боюнча жакшы сапаттагы автордук сүрөттү жөнөтүшү керек эле. Бардыгы конкурска 120 кыргызстандык катышкан. Үч мыкты сүрөт элдин онлайн-добуш берүүсү аркылуу аныкталды.
«Бардык катышуучуларга мыкты иштер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бул конкурс «Азаттыктын» миңдеген аудиториясынын алдында эмгекке сый мамиле кылууга жана ар бир кесиптин маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө түрткү болду деп ишенем. О! мобилдик оператору биздин демилгени колдогондугу үчүн кубанычтабыз. Баса, О! – биргелешкен социалдык долбоорду ишке ашырган биринчи компания. Байланыш операторун биздин өлкөдөгү инновациялык 4G-интернети үчүн ыраазычылык билдиргим келет, аны биздин редакция эки жылдан бери колдонуп келе жатат»,– деп «Азаттыктын» бишкектик бюросунун директору Султан Каназаров белгиледи.
Эң көп добуш алган иштин автору - Алина Сыдыкова. “Коопсуздукту кайтаруудагы чек арачы” деген сүрөтү менен көп функционалдуу LG G4 смартфонун утуп алды. Башкалар да О! мобилдик операторунан 3G Wi-Fi роутерлерди белекке алышты.
Жеңүүчүлөрдүн иштери менен бул жерден таанышууга болот.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар