Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору тармактын абоненттери балансты комиссиясыз толтуруу үчүн мүмкүндүктөрдүн спектрин көбөйтүүнүн үстүнөн иштөөнү улантып жатат.
«Биз үчүн абоненттер мобилдик эсебин бир сом до ашык эмес канчага кааласа, ошончо толтурушу маанилүү. Ошол себептен бүгүн О! тармагын абоненттери өз мобилдик эсебин дээрлик 500ге жакын жайлардан толтура алышат. Күн сайын алардын саны өсүп жатат, Кыргызстандын бардык жашоочулары алардын ири шаарлардан алыс экендигине карабастан өз балансын акысыз толтура алышы үчүн иштер жүргүзүлүп жатат», - деп белгиледи коммерциялык директор Максим Сидоренко.
Балансты тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз толтура аласыз:
1. О!нун сатуу жана тейлөө кеңселеринин ири тармагынан (бүткүл өлкө боюнча 70 ашык);
2. Бүткүл Кыргызстан боюнча «Народный» супермаркеттеринде жана ири соода тармактарында (125 ашык) жайгашкан «Оптима Банк» ААКсынын терминалдар тармагы аркылуу;
3. Промоутерлерден, аларды фирмалык кийими аркылуу таанууга болот;
4. «Бишкек Почтамт» МИнин филиалдарынан (Бишкек ш. 80 ашык);
5. Үйдөн чыкпастан Optima24, "Элсом", "Мобильник" жана Umai.kg аркылуу төлөм жүргүзсө болот;
6. Бишкектеги, Жалал-Абаддагы жана Оштогу O!Store фирмалык дүкөндөрүнөн.
Мобилдик эсепти ушул ыкмалар аркылуу толтурганда, сиздин баланс бир нече секундадан кийин эч кандай кыйынчылыктарсыз толтурулат. Балансты акысыз толтуруу бар бардык жайлардын даректери менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg. билиңиздер.
Байланыш кызматтарын кошумча чыгымдарсыз төлөңүз!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар