Акыркы жаңылыктар
Казакстандагы ALTEL жана TELE2 компанияларынын биригишине байланыштуу, 2016-жылдын 3-октябрынан тартып О! мобилдик операторунун абоненттерине TELE2 тармагында мобилдик интернетти арзан тарифтештирүүсү жеткиликтүү. Мисалы, О! абоненттери үчүн TELE2 тармагында роумингде 1 Мб интернет-трафиктин баасы болгону 1 сомду түзөт.
Мурда О!нун абоненттери үчүн ALTEL тармагында мобилдик интернетке эң төмөнкү баадагы тарифтештирүү колдонулуп келгендигин эске салабыз. Эми О! мобилдик операторунун кардарларына бириккен оператордун тармак камтыган аймагынын кеңейишинин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулашынын эсебинен жаңы мүмкүндүктөр жеткиликтүү.
«Казакстан Республикасындагы операторлордун эки тармагынын биригишинин жыйынтыгында, биз О!нун кардарларына TELE2 операторунун мурункудан да чоң 4G-тармак болуп калган, ишенимдүү кабыл алуу менен кеңири чөлкөмдө бутактанган тармакта жогорку ылдамдыктагы интернет берүүчү интернет-роумингге 1 Мб трафик үчүн 1 сом менен арзан кирүүнү сунуштай алабыз. Бүгүнкү күнү бул - Казакстанда роуминг үчүн эң арзан сунуш. Өзгөчө дайыма байланышта болууну каалаган жана бул үчүн мессенджерлерди көп колдонгондор үчүн жакшы болду», – деп билдирди О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
Казакстанда ALTEL жана TELE2 компанияларынын биригишине байланыштуу 2016-жылдын 1-октябрынан тартып ALTEL тармагы роуминг үчүн жеткиликтүү эмес экендигин белгилейбиз.
«Интернет-роуминг» кызматы мобилдик интернетти SIM-картаны алмаштырбастан Кыргызстандын чектеринен тышкары колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн өлкөдөн чыгардын алдында *997# буйрутмасын терүү жетиштүү. Добуштук роумингди кошуу үчүн *996# терүү зарыл.
Кызматтар жана тарифтер жөнүндө кенен маалыматты компаниянын расмий сайтынан www.o.kg биле аласыздар.
О! мобилдик оператору – саякаттап жүрсөң да, байланышта бол!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар