Акыркы жаңылыктар
«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форумдун алкагында О! Мобилдик оператору бир эле учурда электрондук капчыкты да, жеке кабинетти да жана O!Store онлайн-дүкөнүн да камтыган «Мой О!» мобилдик экотутумун өнүктүрүү боюнча маалыматтары менен бөлүштү.
Эске салсак, О! мобилдик оператору «Грин Телеком Сервис» менен бирге алгачкылардан болуп 2017-жылы «О!Деньги» электрондук капчыгын ишке киргизген. Ал эми бүгүнкү күндѳ капчык «Мой О!» абоненттери үчүн мобилдик кызматтардын бирдиктүү экотутумуна кирет.
«Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары үйдѳн чыкпай туруп тѳмѳнкү иш-аракеттерди аткара алат:
мобилдик телефондун балансын толуктоо
«О!Деньги» капчыгы аркылуу накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруу
«Коопсуз шаар» системасында айып пулдарды тѳлѳѳ
коммуналдык кызматтар кошулуп, 300дѳн ашык кызматтарды тѳлѳѳ
жеке кызматтары менен тарифтерин башкаруу
O!Store интернет-дүкѳнүнѳн сатып алууларды ишке ашыруу
банктык карталарды кошуу жана колдонуу
Бүгүнкү күндө «О!Деньги» мобилдик электрондук капчыгы Элкарт улуттук тѳлѳѳ тутумуна интеграцияланган. Бул болсо, ѳлкѳнүн бардык аймактарында накталай эмес тѳлѳмдѳрдү ѳнүктүрүүгѳ түрткү берет.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.
КРУБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар