Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору сонун функционалдуу түзүлүштү - 4G Wi-Fi Wingle-ди пайдалуу шарттарда сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдайт. Эми, акциянын чегинде компаниянын абонеттери Wingle. сатып алганда, бир айга чексиз интернет белекке алышат. Акция боюнча түзүлүштүн баасы - 2 390 сом.
«Өлкөдө 4G тармагын өнүктүрүү боюнча жумуш дайыма жүргүзүлүп жатат, буга жараша абонеттерде мобилдик интернеттин бардык мүмкүндүктөрүн каалаган жерде ыңгайлуу колдонууга мүмкүндүк берген түзүлүштөргө болгон муктаждык да өсүп жатат. Жеңил жана чакан Wingle-ди пайдалуу шарттарда сатып алып, О!дон 4G-интернетти Wi-Fi көтөрө алган каалаган мобилдик түзүлүштө: планшетте, смартфондо, ноутбукта, SmartTV функциясы бар телевизордо, ойноочу консолдо же дароо бардык түзүлүштөрдө колдонуңуз! Функционалдуу түзүлүш сатып алганда, сиз бир айга чексиз интернет белекке аларыңызды эске салабыз», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Wingle – модемдин өзүндө Wi-Fi модулу бар уникалдуу көп функционалдуу түзүлүш. Иштөө үчүн атайын программалык камсыздоону орнотуу талап кылынбайт, каалаган USB-портко түзүлүштү туташтыруу гана жетиштүү. Wingle бүткүл Кыргызстан боюнча О! тармагы камтыган аймакта иштейт, мында түзүлүш автоматтык түрдө жеткиликтүү 2G/3G/4G тармактар арасында которулуп турат.
Акция бүткүл өлкөнүн аймагында жүрөт. Түзүлүштөрдү акция боюнча О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринде, O!Store дүкөндөрүндө же Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот.
О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар