Акыркы жаңылыктар
24-январда 2021-жылдын биринчи UFC 257 турнири ѳтѳт. Анда Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин ортосундагы беттеш чоӊ мааниге ээ.
Беттешти O!TV тиркемеси аркылуу UFC ТВ телеканалынан кѳрүүгѳ болот. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 09.00да башталат.
Бул окуяны ѳткѳрүп жибербѳѳ эмне үчүн маанилүү экендигин айтып берели.
Мушташ жеӊил салмакта ѳтүп, кийин титулдук жарышта маанилүү роль ойнойт. Азыркы учурда Порье дивизион рейтингинде экинчи орунду, Макгрегор – тѳртүнчү орунду ээлеп турат. Муну менен бирге эле, UFC башчысы Дэйна Уайт Хабиб менен Конордун экинчи беттеши тууралуу кыялданып жүргѳнүн эч качан жашырган эмес. Нурмагомедов Уайт менен жолуккандан кийин промоушендин президенти мындай деп айткан: россиялык мушкер таасир калтыра турган кыймыл-аракет кѳрсѳтүшкѳн учурда Макгрегор — Порье беттешинин жеӊүүчүсү менен жолугуу үчүн кайтып келүүгѳ даяр экенин билдирген.
Конор Макгрегор таланттуу мушкер гана эмес, эпитаждын чебери. Алдыдагы беттеште деле ошондой болот, курч кѳрүнүштү сүйүүчүлѳрдүн купулуна толо турганы шексиз. Макгрегор 32 жашта. Ирландиялык мушкердин акыркы беттеши бир жыл мурун болуп, 40-секунддагы нокаут анын күчү дагы кѳпкѳ жете турганын кѳрсѳткѳн. Алты жыл мурун Порье менен октагондо жолугушкан, эми болсо андан бери эч нерсе ѳзгѳрбѳгѳнүн далилдейт.
Ооба, Дастин Порьенин Конор менен алгачкы жолугушуусу тез эле аяктап калган, бирок ал мезгилден бери кѳп нерсе ѳзгѳрдү. Макгрегор менен мушташка чыккандан кийин күчүн калыбына келтирген Порье атактуулуктун туу чокусуна карай умтула баштаган. Ал тургай Майкл Джонсондон жеӊилип калуусу дагы аны токтоткон жок. Петтис, Гейджи, Альварес, Холлоуэй – жеӊиштердин атактуу катары мушкерди жеӊил салмактагы убактылуу UFC чемпионунун титулуна жеткирди.
Кызыктуу беттештерди бардык түзүлүштѳрдѳн – смартфондон, планшеттен, ноутбук же Smart TV функциясы бар Sony, Phillips, Samsung, LG телевизорлорунан кѳрүӊүз. O!TV тиркемесин жүктѳп алыӊыз. *750*3# терип, «O!TV Премиум» пакетин болгону суткасына 7 сомго кошуп алыӊыз. Кененирээк маалымат otv.kg сайтында.
O!TV күйгүз – спорттук эмоциялардын атмосферасы менен кызуусун сезе ал!

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар