Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору студенттерди колдоону чечти жана карантин учурунда дистанциондук окутуу үчүн жеңилдетилген тарифтик планды ишке киргизди - «Переходи на О! Студент Онлайн».
Бул сунуш толугу менен аралыктан билим алуулары, интернеттен керектүү маалыматтарды издөө, окутуучу видеолорду көрүү же вебинарларга катышуулары үчүн дал азыр көбүрөөк интернет керек болуп жаткан студенттерге ылайыкталган.
Тариф өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 20 ГБ ИНТЕРНЕТ;
О! тармагында ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
Instagram, WhatsApp, Telegram, Facebook, Twitter, Одноклассники, ВКонтакте, Zoom, Skype, Google Classroom, KelВil, КРнын ЖОЖдорунун билим берүүчү сайттары үчүн ЧЕКСИЗ ИНТЕРНЕТ-ТРАФИК
Карантин учурунда жеңилдетилген абоненттик төлөм: жумасына 55 сом.
Үйдөн чыкпай туруп кантип кошулуу керек?
«Мой О!» тиркемеси аркылуу. «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифине аралыктан кошулуу үчүн студент «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек.Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек.
«Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз.
«Студент үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Окуу жайы тууралуу маалыматтар:
Область;
Район;
Шаар/айыл;
Окуу жайынын аты же номери;
Фамилиясы;
Аты;
Туулган жылы;
Паспорту болгон учурда ИНН (14 сандан турган персоналдык номер);
Паспортунун алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтү;
Студенттик билеттин сүрөтү жана анын номери.
Тизме боюнча студенттерди текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде студенттин “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.
Үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо, O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен кошуп алса дагы болот. Жанында паспорт жана студенттик билеттин болушу зарыл. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.
Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар