Акыркы жаңылыктар

Окуу жылына саналуу гана күндөр калды, андыктан О! мобилдик оператору мектеп окуучулары менен студенттер үчүн атайын жеңилдетилген «Окуучу» жана «Студент онлайн» тарифтери бар экендиги жөнүндө эскертет.
Акыркы жылдардагы практика көрсөткөндөй, онлайн окууга болгон зарылдык күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө интернет – бул маалымат казынасы жана дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчүлүгү. О! операторунан атайын тарифтер аталган билим булагына эркин мүмкүндүк алууга эшик ачат, тарифтер бир гана окуу үчүн эмес, достор менен баарлашуу үчүн дагы бардык талаптарга жооп берет.

Окуучуларга арналган жеңилдетилген тарифтер 2020-жылдагы пандемия учурунда эле популярдуулукка ээ болгон. Ошол мезгилдеги өлкө үчүн оор кырдаалдарда бул тарифтер бир гана окуучулар үчүн эмес, мугалимдер үчүн дагы толугу менен акысыз берилген. Азыркы учурда тарифтер социалдык тарифтерге кирет жана минималдуу баа менен көрсөтүлөт.
Кантип кошуп алса болот?
Мектеп окуучуларынан туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, ал эми студенттерден – студенттик билет жана паспорт талап кылынат. O!Store дүкөндөрүнүн биринен же «Мой О!» тиркемесинен онлайн-катталуудан өтүү менен онлайн кошуп алса болот. Онлайн кошуу үчүн «Тарифтер» менюсуна кирип, «Окуу үчүн» категориясын табыңыз. Атайын форманы толтуруңуз. Өтүнмөңүз текшерилгенден кийин тариф бир күндүн ичинде каттоодон өткөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.
О! – бирге окуйбуз!
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары

Кыргызстанда ИТ-кадрларды О! кантип өстүрүүдө? O!DataCamp’ке кабыл алуу кызуу жүрүүдө
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат
Бардык жаңылыктар