Акыркы жаңылыктар
Бүгүн «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форумдун алкагында мобилдик операторлор жана телеком-секторунун өкүлдөрү өлкөдөгү бул тармактын учурдагы абалы тууралуу ойлорун чагылдырган баяндамаларды жасашты. О! Мобилдик операторунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстан калкты кең тилкелүү 4G мобилдик интернети менен камтуу боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында лидерлик позицияда турат.
Мунун баары О! Мобилдик операторунун бүт өлкөнүн жалпы улуттук 4G тармагы менен камтылышын камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жүзөгө ашты.
Ошондой эле Британиялык Cable.co.uk изилдѳѳ компаниясынын берген маалыматына караганда, интернеттин баасы боюнча Кыргызстан дүйнѳ жүзүндѳ экинчи орунда (Индиядан кийин) жана КМШ мамлекеттиринин ичининен биринчи орунда турарын белгилей кетсек болот. Салыштыруу үчүн: Казакстанда – 1 ГБ үчүн 0,49 доллар, Ѳзбекстанда – 1 ГБ үчүн 3,27 доллар.
Мобилдик кеӊ тилкелүү интернеттин ѳлкѳ боюнча камтылуусу менен анын жеткиликтүүлүгү Кыргызстандын мобилдик операторлорунун инновациялык экотутумду масштабдуу жайылтуу жана «Санарип Кыргызстан» улуттук программасын жүзѳгѳ ашыруу үчүн база боло алат дегенди билдирет.

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! роуминг жана Apple Pay менен саякаттоо дагы ыңгайлуу болуп калды

O!Store'до белектер: Xiaomi жана POCO смартфондоруна кулакчындар
Бардык жаңылыктар