Акыркы жаңылыктар

O!TV тиркемесинен кыргыз кинотасмаларынын «ЭТНОМЕДИА» ири онлайн-кинотеатры менен таанышыңыздар.
кыргыз тилиндеги 300дөн ашуун фильм, мультфильм, сериал жана шоу;
жогорку сапаттагы сүрөттөлүш жана жарнамасыз;
жанрлар боюнча ыңгайлуу издөө: комедия, драма, тарыхый ж.б.;
бир катталуу менен түрдүү 5 түзүлүштөн көрүү.
«Кино бизге жаңы келген мезгилде, айылдык балдар «кыйно» дечү элек. Бир фильмди көрүш үчүн райондун борборуна чейин он километр жөө басчубуз», – деп эскерет белгилүү кыргыз режиссёру Төлөмүш Океев.
Эми болсо, смартфондон эки буйрутманы басуу менен каалаган кинону көрө алабыз!
O!TV тиркемесин көчүрүп, 8051# буйрутмасын териңиз да, жаңы «ЭТНОМЕДИА» онлайн-кинотеатрынын мүмкүнчүлүктөрүн 7 күн бою АКЫСЫЗ баалаңыздар.
Улуттук кинематографтын чуу жараткан жаңы тасмаларын, кыргыз киносунун классикасын көрүп чыгыңыздар. «Кыргыз керемети» феноменин – «Кыргызфильм» студиясында тартылган советтик доордогу легендалуу фильмдерди көрүп, аларга баа бериңиздер. Керемет дегенибиздин себеби – колунда эч нерсеси жок эле кыргыз режиссёрлору бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдардан көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп келишкен. Кыргыз киносунда болгон негизги байлык – анын улуттук аң-сезимге толгону эле.
Ата мекендик режиссёрлордун чыгармачылыгы менен таанышып чыгыңыздар. «ЭТНОМЕДИА» видеокаталогу дайыма толукталып турат.
Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин абоненттик төлөм КНС эсепке алынып, СС кошпогондо, күнүнө 7 сомду түзөт. Сервис тууралуу кененирээк маалымат o.kg сайтында.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар