Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик операторунун жана «Планета Электроники» дүкөндөр тармагынын биргелешкен акциясы башталды, анын чегинде Smart TV функциясы бар телевизор сатып алган бардык сатып алуучуларга 4G Wi-Fi Wingle комплектисин жана бир айга чексиз интернет алуу мүмкүндүгү берилет. Эми Smart TV технологиясындагы телевизорун сатып алгандар интернетке чыгуу үчүн компьютерди колдонбостон, телевизордун экранынан чыга алышат.
«Бул комплекстүү сунуш кыргызстандык рыноктогу “акылдуу” телевизорлор үчүн уникалдуу, себеби Smart TV функциясы бар телевизор сатып алуу менен бирге эле Интернетке кирүү мүмкүндүгү пайда болот. Smart TV технологиясындагы телевизорду сатып алганда, сатып алуучу сертификат алат, аны менен биздин сатуу жана тейлөө кеӊселерибизден 4G Wi-Fi Wingle комплектисин алууга болот», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Smart TV технологиясы кадимки телевизорду эфирдик контентти гана чагылдырбастан, ар кандай тиркемелерди жана сервистерди колдонуу үчүн интеграцияланган мультимедиялык түзүлүшкө айлантат. Smart TV платформасы өзүнүн веб-браузери менен жабдуулангандыгын белгилейбиз, бул жаӊылыктарды окууга, башка интернет-контентти түз эле Smart TV экрандарынан көрүүгө мүмкүндүк берет.
4G Wi-Fi Wingle комплектисине болгон сертификаттардын саны чектелген.
Акция жүрүп жаткан дүкөндөрдүн тизмеси менен бул жерден таанышууга болот. Сертификатты 4G Wi-Fi Wingle комплектисине алмаштыруу үчүн О!нун сатуу жана тейлөө кеӊселеринин даректерин компаниянын расмий сайтынан www.o.kg кароого болот.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар