Акыркы жаңылыктар
31- майда «Жазгы драйв» лотереясынын алкагында финалдык ойнотуу өтүп, 24 смартфон жана үчүнчү автоунаа – 2021-жылкы Hyundai Sonata ойнотулду.
Жаңы автоунааны Жалал-Абаддык тигүүчү Дүйшөнбек кызы Жыпаркүл утуп алды. Учурда Жыпаркүл жолдошу менен Бишкекте жашап, үч кызды тарбиялап жатышат.
Кененирээк видеодо.
«Лотерея жүрүп жатканын билгенбиз, бирок маани деле берген эмеспиз. Болгону 6 билетим бар болчу, деги эле утуп алуу мүмкүн экенине ишенген эмесмин. Кубанычым койнума батпай, абдан сүйүнүп турам. О! компаниясына терең ыраазычылык билдирем!», – деп бөлүштү жеңүүчү.
«Келинчегим утуп алганын айтканда, чынын айтсам, ишенген жокмун. Эми гана, колубузга документтерди алганда чындап сүйүнүп отурам. Абдан бактылуумун, кубанычымды сөз менен жеткире албайм!», – деп кошумчалады жолдошу Алишер Уркумбаев.
Жалпысынан лотереянын жүрүшүндө 12 миллионго жакын билет берилип, 200 кыргызстандык стилдүү смартфондорду утуп алса, үч катышуучу Hyundai автоунааларынын жеңүүчүсү болду. Жеңүүчүлөрдүн арасында өлкөбүздүн ар кайсы бурчунун: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас жана башка шаарлар менен айылдардын тургундары бар.
Бактылуу жеңүүчүлөрүбүздүн фотосүрөттөрү drive.o.kg сайтында жайгашкан.
Белгилей кетчү нерсе, лотереянын эрежелерине ылайык, жеңүүчү байгесин алуу үчүн уюштуруучуга үч айдын ичинде кайрыла алат.
«Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз жана Сизди сапаты, ылдамдыгы жана эң сонун ойнотуулары менен кубантууну уланткан О! Мобилдик оператору менен бирге болуңуз.
Ойнотуунун расмий өнөктөшү – Hyundai Центр Кыргызстан.
04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж. Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар