Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору компаниянын абоненттери үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу комиссиясы боюнча төлөм тутумдары менен маселе жөнгө салынып жаткандыгы жөнүндө маалымдайт.
Эң жакынкы арада төлөм операторлору баланс толтурганда абоненттерден алган комиссия мурунку деңгээлине келтирилет жан 5 сомдон ашык болбойт.
«НУР Телеком» ЖЧК өз тарабынан компаниянын кардарларынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, төлөм тутумундагы операторлор менен болгон кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле О! абоненттеринен алынып жаткан комиссиянын өлчөмүн мурунку деңгээлине келтирүү үчүн болгон чараларды көрдү.
Бул маселени чечүүдө көмөк көрсөткөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ыраазычылык билдиребиз.
О! мобилдик операторунан абоненттери сатуу жана тейлөө кеңселеринин кеңири тараган тармагынан, төлөм карталарын, ошондой эле «Бишкекпочтасы» бөлүмдөрүнөн жана «Оптима банк» терминалдарынан таптакыр бекер толтура алышар белгилейбиз.Мындан тышкары, байланыш кызматтарынUmai, «Элсом» электрондук капчыктар же банк карталары аркылуу комиссиясыз толтурууга болот.

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат!

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк
Бардык жаңылыктар