Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик операторунун командасы жигердүү сергек жашоо образына жана экологиялык баалуулуктарга берилгендигин кезектеги ирет далилдеп, Bishkek Snow Leopard Run 2026 ири эл аралык кайрымдуулук чуркоосунун бир бөлүгү болду. Бул иш-чара миңдеген катышуучуларды Кыргызстандын кайталангыс жаратылышын коргоо жана сейрек кездешүүчү ак илбирсти сактап калуу сыяктуу маанилүү миссиянын айланасына бириктирди.
Компаниянын кызматкерлери үчүн марафонго катышуу эбак эле жакшы салтка айланган, ал эми О! оператору өзүнүн бүткүл курама командасы үчүн уюштуруу иштерин жана каттоо төгүмдөрүн төлөөнү толугу менен өзүнө алуу менен бул демилгени салтуу түрдө колдоп келет. Бул күн жаркын эмоцияларга, эрк-эркке жана чыныгы биримдик атмосферасына толду. Ар бир басып өтүлгөн километр жана ар бир финиш адамдын мүмкүнчүлүктөрү биз ойлогондон алда канча кенен экендигин, ал эми командалык колдоо ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берерин айкын далилдеди.
«Бизди жумуш кана эмес, жалпы баалуулуктар, алга умтулуу, туулган жердин экологиясына кам көрүү жана бири-бирибизди ар тараптан колдоо бириктирип турат. Биз кесиптештерибиздин кубаты жана өжөрлүгү менен сыймыктанабыз», — деп белгилешти компаниядан.
О! Мобилдик оператору спортту өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурат. Компания өлкөдөгү негизги экологиялык иш-чаралардын туруктуу өнөктөшү жана катышуучусу болуп келет.

Кыргызстанда ИТ-кадрларды О! кантип өстүрүүдө? O!DataCamp’ке кабыл алуу кызуу жүрүүдө
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат
Бардык жаңылыктар