Акыркы жаңылыктар

Чоң жеңиш! Эң ири «Санарип Кыргызстан 2025» киберокууларында О! мобилдик операторунун («НУР Телеком» ЖЧК) Маалыматтык коопсуздук кызматынын командасы биринчи орунду ээлеп, ЭККУ жана ЭБЭБ (Электр байланышынын эл аралык биримдиги) эгидасы алдында уюштурулган эл аралык киберокууларда Кыргызстанды көрсөтүү укугун жеңип алды.
Бишкек шаарында үч күн бою (24-26-сентябрь күндөрү) КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, ЭККУ жана ЭБЭБ эгидасы алдында мамлекеттик сектордун, бизнестин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү санариптик инфратүзүмүбүздү реалдуу киберчабуулдарга максималдуу жакын шарттарда коргоо көндүмдөрүн иштеп чыгышты.
Финалдык аккорд болгон кызуу CTF-батлда О! командасы даярдыктын эң жогорку деңгээлин көрсөтүү менен, атаандаштарынан алдыга озуп чыгып, ЭККУ жана ЭБЭБ эгидасы алдында уюштурулган эл аралык киберокууларда Кыргызстанды көрсөтүү укугуна ээ болду.
Бул жеңиш стратегиялык мааниге ээ: мындай жетишкендик Кыргызстанда өлкөнүн санариптик мейкиндигин коргоого даяр дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү адистер бар экендигин далилдеп турат. О! командасы эл аралык киберокууларда ээ боло турган тажрыйба кибертуруктуулукту күчөтүү менен катар, улуттук санариптик экотутумду өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым боло алат.
Кибер окуулардагы О! жеңиши – Кыргызстандын кибертуруктуулугуна жана санариптик келечегине кошулган салым.
Окуя тууралуу кененирээк: digital.gov.kg
Лицензии ГАС при ГКИТиС КР: ООО «НУР Телеком» №16-0062-КР и №16-0063-КР от 06.12.2016

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: 40% арзандатуу менен О! Үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!TV’де Чемпиондор Лигасынын жаңы сезонун, Англия жана Испания матчын көргүлө

Интернет, төлөмдөр жана кешбэк: О! Чыныгы ыңгайлуу роумингди сунуштайт

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!
Бардык жаңылыктар