Акыркы жаңылыктар
Эми О! Мобилдик операторунун бардык жеке абоненттери үчүн China Mobile тармагында Кытайдагы роуминг ачык.
Бул Кытайга сапар ала тургандар үчүн кадимки телефон номеринде калууларына жана эч бир маанилүү чалууну өткөрүп жибербөөлөрүнө мүмкүнчүлүк берет. О! операторунунун роуминги менен кесиптештериңиздерге жана жакындарыңыздарга убактылуу номериңизди айтуу үчүн жергиликтүү SIM-карта издөөгө жана катталууга убактыңызды коротпойсуз. Сиз пайдалуу бааларда байланышта калуу үчүн болгону роумингдин керектүү кызматтарын кошуп аласыз.
О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселерине барбай туруп эле О! операторунун роуминг кызматтарын акысыз кошуп алууга болот жана абоненттик төлөм алынбайт.
Кызматты активдештирүү үчүн кошуп алуунун акысыз буйрутмаларын терүү гана жеткиликтүү:
Добуштук роуминг - *996#;
Интернет-роуминг - *997#.
Ушул эле акысыз буйрутмалар менен 1 сом/1Мб пайдалуу тарифи кийинки өлкөлөрдө да активдештирилет: Россия Tele2 жана Мегафон тармактарында; Казакстан Tele2 тармагында; Өзбекстан Ucell тармагында; Түркия Turkcell тармагында; Сауд Арабиясы Saudi Telecom Company тармагында, Таиланд True Move тармагында жана Вьетнам Viettel тармагында.
Роумингдин кызматтарынын тарифтери менен компаниянын www.o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн таанышса болот.
О! менен бирге саякаттаңыз да, ар дайым байланышта болуңуз!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар