Акыркы жаңылыктар
Vipnomer.o.kg сайтында PLATINUM категориясынын эксклюзивдүү номерлерине тооруктар башталды:
0508888888
0509999999
Жети окшош сандын уникалдуу шайкештиги – укмуштуудай сейрек комбинация болуп саналат, кээде аларды өз ара “супер-бриллиант” же мааниси боюнча “чексиздикти” билдирген “топ-инфинити” деп атап жүрүшөтт. Бул номерлер ээлеринин статусун кадиксиз белгилешет. Визиткада кооз турган жана укканда бат жатталган бул номерлерди эстөөгө оңой жана унутууга кыйын.
Бул аукциондук лоттун баштапкы баасы 100 миң сом, ал эми аны колдонуу укугу үчүн vipnomer.o.kg сайтындагы онлайн-аукциондо күч сынашса болот.
Тооруктарга катышуу үчүн Аукицонду өткөрүү эрежелери менен таанышып чыгыңыз жана сиз тандаган номерди басканыңызда көрө турган кыска номерге конкреттүү лот үчүн SMS жөнөтүү жолу менен тооруктарга катталыңыз.
Тооруктарга катышуу үчүн:
18 жаштан улуу болушуңуз керек;
О! мобилдик операторунун активдүү SIM-картасына ээ болушуңуз керек;
Тооруктар аяктаганга чейин шертпул катары балансыңыздан алына турган 1000 сомдон кем эмес балансыңызда сумма болушу зарыл (бул сумма аукциондун жеңүүчүсүнүн гана эсебинен алынат, аукциондун калган катышуучуларына тооруктар аяктары менен сумма дароо балансына кайтарылат).
Онлайн-тооруктар баштапкы бааны 1000 сом өлчөмүндөгү тоорук кадамын эске алуу менен баштапкы бааны көбөйтүү үчүн аукциондун классикалык түрүндө өтөт.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Сиз тооруктар учурунда дагы, блиц-бааны көрсөтүү менен конкреттүү лотко тиешелүү кыска номерге биринчи болуп SMS жөнөтүү менен тооруктарга чейин да номерди колдонуу укугун сатып алууга жетише аласыз. Бул учурда сиз автоматтык түрдө тооруктардын жеңүүчүсү болуп эсептелесиз.
Сиздерди ийгиликтер коштосун!

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар