Акыркы жаңылыктар
Дрондор, коттедждик энерготармакдѳр, «акылдуу» эсептегичтер. Байланыштын бешинчи муундагы 5G тармагынын жардамы менен глобалдык энергетика кандайча ѳзгѳрүүдѳ жана бул жаӊылыктар Кыргызстанга качан келет.
Электриктердин ордуна дрондор
Азыр эле электр ѳткѳрүү линиялары менен башка тутумдардын айрым элементтеринин абалын текшерүү роботтордун жардамы менен ишке ашырылууда. Пилоттордун башкаруусунда же автономдук түрдѳ алар тутумдарды изилдеп, жасалма интеллекттин жардамы менен линиялардын бардык элементтери менен тармакдѳрүнүн абалын анализдешет жана автоматтык түрдѳ отчёт жиберип турушат. Дрон кѳйгѳйдү аныктап берет жана ал жерге дароо адистердин бригадасы барат. Адистердин ишин кеӊседе отуруп эле камералар жана VR-кѳз айнектин жардамы менен эксперт кѳзѳмѳлдѳйт.
Роботтор кишилердин ордуна иштей алабы?
Энергетика системасынын компоненттерин иштеп чыгуу жана тейлѳѳ барган сайын татаалдашууда. Анализ менен тез оӊдоонун автоматташтырылган тутумдарынын саны ѳсүп жатат. Роботтор менен автоматика алардын ишин жүргүзүү боюнча милдеттерди чечүүдѳ, себеби бул чѳйрѳ кѳп жылдык техникалык экспертизага ээ квалификациялуу жумушчулардын иштѳѳсүн талап кылат.
Ар бир аймактын ѳз тармагы болот
Ар бир айыл, жада калса шаардын ар бир аймагы жалпы электр тармагынан кѳз каранды болбостон, жеке кубаттуулугуна ээ болгонун элестетип кѳрүӊүзчү.
Жыл ѳткѳн сайын электр энергиясын керектѳѳ ашыкча жүктѳмдѳр менен ѳсүп келе жатат. Электротранспорттордун санынын кѳбѳйүүсү, түрдүү девайстарды колдонуунун кеӊири жайылуусу энергокомпаниялардын ишин татаалдаштырууда. Натыйжада тармакдѳ туруксуздук жана жаӊы кубаттуулуктарды тартуу менен электр энергиясын диспетчерлѳѳ боюнча олуттуу чыгымдар келип чыгууда.
5G жаӊы ылдамдыктарды камсыз кылат
5G технологиясын колдонууга киргизүү керектѳѳчүнүн тутумга маалымат ѳткѳрүүсүндѳ жаӊы: окуяга тезирээк реакция кылуу, электр энергиясын ѳндүрүү жана керектѳѳ кѳлѳмдѳрүн божомолдоо үчүн кѳп маалыматты, уурдоолор менен жоготууларга ыкчам из чалуу мүмкүндүктѳрүн берет.
Барган сайын фантастикалык кыялдар идеялардын стадиясынан жаӊы горизонтторду ачууга жардам берген чыныгы долбоорлорго айланууда. Жакынкы мезгилдерден тарта энергетика тармагындагы бардык маселелерди роботтор чече баштайт, 5G ылдамдык менен сапаттын жаӊы деӊгээлине чыгарып, ар бир шаардын ѳзүнѳ таандык генерациясы болот. Келечек - алыс эмес.
Кыргызстандагы алгачкы 5G сыноолору 2022-жылдын 3-августунда О! Мобилдик операторунун тармагындѳ ѳттү. Жаӊылыктар менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар