Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын мобилдик операторлорунун ичинен өз абоненттерине алгачкылардан болуп инновациялык каржылык кызматын сунуштаган О! мобилдик оператору жетишкендиктери менен токтоп калбастан, “О!Деньги” тиркемесинин жаңы пайдалануучуларына – максималдуу ылдамдыктагы бир гигабайт акысыз Интернетти белекке берүүнү чечти.
Кантип алса болот?
Болгону AppStore же Google Play Market аркылуу акысыз тиркемени жүктөп алыңыз;
Коммуналдык кызматтар, үйдөгү интернет же ТВ, же кандайдыр бир башка төлөмдөр боюнча алгачкы ийгиликтүү төлөмдөрдү жүргүзүңүз;
Өз БОНУСуңузду толук бир айга 1 ГБ акысыз интернет-трафикти алыңыз. Акысыз интернет-трафиктин калдыгын *828# буйрутмасын терүү менен текшерсе болот.
Шашылгыла, акциянын мөөнөтү чектелүү.
«О!Деньги» деген эмне?
«О!Деньги» - бул почтадагы кезектерде туруу жана терминалдарды издөө көйгөйлөрүн чечкен жана коммуналдык төлөмдөр, үйдөгү интернет жана ТВ, МАИ жазапулдары жана көптөгөн башка төлөмдөрдү жүргүзүүдө убактыңарды үнөмдөгөн акысыз мобилдик тиркеме болуп саналат.
Жөн гана элестетип көрүңүз, сиз үйүңүздө телевизор көрүп отурасыз, күнүмдүк башка иштер менен алектенип жатасыз жана иштердин ортосунда баскычтарды бир-эки басуу менен керектүү кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп алдыңыз. Смартфон ар дайым кол алдыңарда, эч жакка баруунун кереги жок. Жеңил жана абдан ыңгайлуу, макулсуздарбы? Мунун баарына кошумча катары, мобилдик телефондун эсебин колдонуу менен катар эле, Visa же MasterCard тутумдарынын банктык карталары менен да төлөмдөрдү жүргүзө аласыз.
Бугүнкү күндө инновациялык мобилдик технологиялар сиздин башка маанилүү иштерге жумшай турган убактыңыздарды үнөмдөйт. Кызмат тууралуу толук маалымат www.dengi.kg сайтында жеткиликтүү.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар