Акыркы жаңылыктар
40 жылдан ашуун убакыттын ичинде мобилдик байланыш тармакдѳрүнүн тѳрт мууну алмашты, бүгүн болсо, дүйнѳ жүзү 5G ѳнүгүүсү аркылуу кеӊейтилген чындыкты – XR реалдуулукту жаратуу босогосунда турат. Кыргызстанда бул жаӊы технологиянын алгачкы сыноолору О! Мобилдик операторунун тармагындѳ ѳткѳрүлдү. Жаӊы ылдамдыктарды массалык жайылтууга аз убакыт калды.
XR чындык виртуалдуулуктан тышкары толукталган жана аралаш чындыкты да камтыйт. Бул технологиянын жардамы менен окуу, жумуш жана социалдык байланыштар мындан да кызыктуу, кѳрктүү жана натыйжалуу боло алмакчы.
VR (Virtual Reality) виртуалдуу чындык сервиси адамдын сезүү органдарына, биринчи кезекте кѳрүүсүнѳ таасир этүү менен аны таптакыр башка дүйнѳгѳ чѳмүлтѳт (VR-кѳз айнектер).
AR (Augmented Reality) толукталган чындык сервиси колдонуучу үчүн реалдуу чѳйрѳнү виртуалдуу буюмдар менен айкалыштырат.
Виртуалдуу чындык геймерлердин арасында эбактан бери эле бар. Бирок аны «телекатышуу» режиминде кѳӊүл ачуу, оюн жана виртуалдуу баарлашуу максатында гана эмес, окуу, техникалык ѳндүрүш процесстерин маанилүү даражада жакшыртуу үчүн да колдонуу мүмкүн.
Маселен, студенттер AR-кѳз айнектин жардамы менен анатомия сабагынан адамдын ички түзүлүшүн, ал эми цехтеги уста татаал техникалык деталды чогултуунун тартибин даана кѳрѳ алышат. Мектептеги сабактарда окуучулар динозаврлар менен аралашып жүрсѳ, Наполеондун салгылашуусун же Мария Кюринин тажрыйбаларын жандуу режимде кѳрүп отурса, сабак кыйла кызыктуу жана натыйжалуу ѳтмѳк. Zoom конференцияларында кесиптештер реалисттик голограммалар түрүндѳ жаныӊызда отурган сыяктуу эле сезилет. Азырынча бул технологияны Ford сыяктуу ири компаниялар колдонууда. Алар мындай кѳз айнектерди инженерлерине тагып, келечектеги автоунаанын түзүлүшүн 3D форматында кѳрѳ алууларын камсыздашат.
Келечек биз ойлогондон кыйла жакын. Мунун баары 5G технологиясын кеӊири жайылтуу аркылуу мүмкүн. 5G тѳмѳнкүлѳрдү камсыздайт:
Эӊ жогорку ылдамдык: 4Gге караганда 20 эсе жогору, тактап айтканда 20 Гбит/с тегереги.
Колдонуучу үчүн орточо ылдамдык: 100 Мбит/с айланасында жана андан жогору.
О! тармагындѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

O!до акысыз IT-такшалма өтүүгө тапшырууга 3 күн калды: шашылыңыз!

O!TV'де «Амедиатеканы» биринчи жолу туташтыргандар үчүн бир жумалык сыноо мөөнөтү бар

О! кызматтарынын бирдиктүү колдоо номерлери – 9999 жана 0700 000 999

O!Store'дон Honor белектери: телевизор же экинчи смартфон!

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
Бардык жаңылыктар