Акыркы жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун эпкини тийбеген үй-бүлө дээрлик жок болуш керек. Тилекке каршы, согуш жылдарынын күбөлөрү азайгандан азайып баратат, баарыбыздын эле ардагерлерди жеке куттуктоо мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок өтүп кеткен аталарыбыздын урматына тирүү жүргөндөргө ыраазычылык билдирейин деген изги ойлорубуз бар. Бир нече жыл катары менен О! Мобилдик оператору абоненттерин ардагерлерлерге мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам берүү үчүн бириктирип келет.
16-апрелден баштап «Жеңиш Күнү» кайрымдуулук марафону башталды, О! абоненттери 1945 кыска номерине SMS жөнөтүштү жана чалып жатышты, мунун натыйжасында УАМС ардагерлерин колдоого 20 сом которулуп жатты. Анын негизги максаты – УАМС катышуучуларын камкордук менен камсыз кылуу. Марафондун жүрүшүндө ардагерлерге даректүү колдоо көрсөтүү үчүн 104 миң 940 сом топтолду.
УАМС ардагерлери катышкан салтанаттуу иш-чарада О! тармагынын абоненттери тарабынан чогултулган акча каражаттарынын баары “Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңеши” Коомдук бирикмесине берилди. Бирикменин эң жаш ардагери 92 жашта болсо, эң улуусу 104 жашта. Чогулгандар бири-бири менен көрүшүү мүмкүндүгүнө кубанышып, күнүмдүк окуялар, акыркы жаңылыктар тууралуу баарлашышты. Акча каражаттарын тапшыруудан кийин сөздү УАМС катышуучусу Сиротинцев Николай Андреевич алды жана өз жолдошторунун, УАМС ардагерлеринин, оорук эмгекчилеринин, согуштук аракеттердин катышуучуларынын атынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. Насаат катары ал буларды кошумчалады:«Эң башкысы – ниетиңер таза болсун, жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, жалаң жакшы иштерди жасагыла, ошондо гана турмуш силерге илбериңки болот».
О! Мобилдик оператору биздин ардагерлерди колдоо чакырыгыбызды кабыл алган жана сонун иш-чарабызга катышкан бардык абоненттерине ыраазычылыгын билдирет.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар